Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Сирияда эки орусиялык аскер набыт болду


Дейр-эз-Зор шаары. Фервраль, 2014-жыл.
Дейр-эз-Зор шаары. Фервраль, 2014-жыл.

Бул тууралуу Интерфакс агенттиги Орусиянын коргоо министрлигине таянып билдирди. Ага ылайык, аскерлер жоолошкон тараптарды жараштыруу борборунун колоннасын коштоп бара жатып, Дейр-эз-Зор провинциясында минометтон аткылоого кабылышкан. Аскерлердин бири ошол жерден жан берген, экинчиси госпиталда көз жумганы айтылат.

Жыл башынан бери Сирияда кеминде кырк орусиялык аскер набыт болгонун жазган Reuters өлгөндөрдүн ичинде 21 жоокер жеке аскердик ишканалардын кызматкерлери экенин кошумчалоодо. Маалыматтарда ошондой эле набыт болгон аскерлердин жакындарына ал жөнүндө унчукпоо эскертилгени да айтылат.
Ал эми орус коргоо министрлиги жыл башынан бери он аскер набыт болгонун билдирүүдө.

Орусия Сириядагы согушка 2015-жылдын сентябрь айынан тартып аралаша баштаган. 2015-2016-жылдары согуштан 36 орусиялык аскер набыт болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG