Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

19 жаштагы кыргыз жараны Орусияда наристенин өлүмүнө шектелүүдө

Орусияда кыргызстандык жаран үч кичине баланы оор жүк ташуучу унаа менен коюп кетти деп шектелүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, окуя 3-сентябрда Астрахан шаарында болгон.

Жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иш козголду. Айыпталуучу – 19 жаштагы кыргыз жараны.

Элчилик ага укуктук жардам берүү аракетин көрүп жатат.

Орусиялык маалымат каражаттары оор жүк ташыган автоунаа светофордун кызыл белгисине карабай өтүп кетип, үч баланы сүзгөнүн, алардын бири – беш жашар кыз ошол жерден каза болгонун, экөө ооруканада экенин жазып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG