Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Бишкек ТЭЦи 450 миң тонна казак көмүрүн сатып алат


Бишкек ТЭЦи
Бишкек ТЭЦи

Казакстандын “Рассвет компани” ишканасы Бишкек ТЭЦине 450 миң тонна көмүр алып келет. Андан тышкары жылуулук борбору кышкы сезонго 550 миң тонна жергиликтүү көмүр сатып алат.

“Электр станциялары” маалымдагандай, казак көмүрүнүн баасы тоннасы 3 599 сомдон айланып, жалпы суммасы 1 млрд 619 млн сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү көмүрдү “Кыргызкөмүр” ишканасы жалпы суммасы 1 млрд 370 млн сомго алып келет.

Учурда кара отунду ташуу башталып, Балыкчы шаарынан темир жол аркылуу тартылууда. Мындан тышкары 50 миң тонна ташкөмүр отунун “Тегене” ишканасы алып келет.

30-августта Бишкек ТЭЦинин жаңыланган корпусу ишке кирип, жылуулук борбордун кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулады.

XS
SM
MD
LG