Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Майып активист Ормуковду камакка алуу чечими чыкты


Темирлан Ормуков
Темирлан Ормуков

Бишкектин Октябрь райондук соту көзү азиз активист Темирлан Ормуковду бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды. Соттун чечиминин көчүрмөсүн активист өзүнүн интернеттеги социалдык түйүн баракчасына жарыялап, аны издөөгө алганына таң калып турганын билдирди.

- Менин сотум 25-августта болмок, бирок ооруканада болоорум тууралуу алдын ала кат таштап кеткем. Ага карабай сотко келбей койгонума байланыштуу деп сот үй камагы тууралуу чечимин өзгөртүп, тергөө абагына камоо чечимин чыгарыптыр. Бирок мен азыркыга чейин ооруканада дарыланып жатам.

Ормуковго карата “ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголгону быйыл февраль айында кабарланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазгандар жалган экени аныкталган.

Ага чейин Башкы прокуратура Ормуковдун президентти сындап интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган.

Майып активист ага карата басым болуп жатканын, өзүнүн жана кошуналарынын үйүн Каржы полициясы камакка алып койгонун айткан эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG