Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Текебаев протокол менен таанышууга убакыт сурады


Өмүрбек Текебаев сот залында. 05.09.2017
Өмүрбек Текебаев сот залында. 05.09.2017

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев буга чейинки райондук сотто күбөлөрдүн маанилүү көрсөтмөлөрү протоколго кирбей калышы мүмкүндүгүн айтууда. Ушундан улам ал соттук отурумдун протоколу менен толук таанышып чыгыш үчүн убакыт берүүсүн соттон өтүндү.

Жыйынтыгында судья Текебаевдин өтүнүчүн канааттандырып, түшкү саат экиге чейин протокол менен таанышууга убакыт берип, танапис жарыялады.

Шаардык соттун коллегиясы жыйынды видео тасмага тартууга уруксат берген жок. Ушундан улам, адвокаттар сот залынын ичиндеги кызматтык камералар да өчүрүлүшүн талап кылып, колдоо тапты.

Бүгүн Бишкек шаардык соту саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдин ишин кароону баштады. Сот жараянынын алгачкы күнү эле жактоочулар сотко эки ирет ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок алар четке кагылды.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту эки саясатчыны сегиз жылга эркинен ажыраткан. Аларга карата кылмыш иштин козголушуна орусиялык жарандын бир миллион долларлык пара тууралуу арызы негиз болгон.

Бирок прокуратура райондук сот саясатчыларга аз мөөнөт берип койгонун айтып, шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. Башкы көзөмөл органы Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга кесилиши керектигин, аларга карата мунапыс берилбешин соттон суранган.

Соттолуучулар айыптоо негизсиз экенин айтып, бул бийликтин саясий куугунтугу деп билдирип келишет. (SDz)

XS
SM
MD
LG