Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:20

Өзбекстандын президенти коргоо министрин иштен алды


Өзбекстандын жаңы дайындалган коргоо министри Абдусалом Азизов.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн коргоо министри Кобул Бердиевди кызматтан алды. Анын ордуна Абдусалом Азизов дайындалганын маалымдаган президенттин администрациясы бул чечимдин себебин түшүндүргөн жок. Бердиев министрлик кызматка 2008-жылы, мурдагы президент, маркум Ислам Каримов тарабынан бекитилген. Ал эми жаңы дайындалган Азизов буга чейин Ички иштер министрлигин жетектеп келген, Мирзиеевдин өз кадры болуп саналат.

Күч структураларындагы орун алмаштыруулардан соң экс-президент Ислам Каримовдун маалында дайындалган аткаминерлерден Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов гана өз ордун сактап калды. Шавкат Мирзиеев өлкө башчылыгына өткөн жылдын сентябрь айында келген. Ал бүгүн эки күндүк мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет.

XS
SM
MD
LG