Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:50

Нарында Өрнөк жана Миң-Булак айылдарынын тургундары нааразылык акциясын уюштуруп, жол торогондон кийин алардын талабы аткарылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Алар Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы көбөйгөнүн жүйө келтирип трассаны буушкан жана айдоочуларды ылдамдыкты азайтууга мажбурлай турган тосмолорду орнотууну талап кылышкан.

Соңку кайгылуу мисал катары 2-сентябрда болгон окуя келтирилген. Анда «Хонда-Одиссей» автоунаасы менен катуу ылдамдыкта бараткан айдоочу Өрнөк айылынын тушунан кичине баланы коюп кеткен. Бала Нарын облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнөн жан берген.

Нааразылыгын билдирип чыккан жарандар менен облустук милициянын башчысы Нулан Сарчаев жолукту.

ИИМдин маалыматына караганда, жолго тосмолор ошол эле күнү орнотулду. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG