Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп жатат


Иш-чарага эки өлкөнүн ишкерлери, экономисттер жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү катышууда.

Форумда Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков ортодогу товар алмашуу жалпы экспорттун 7 пайызга чукулун түзсө, импорттун 4 пайызына барабар экенин билдирди. 2016-жылы товар алмашуунун көлөмү 192 млн долларга жетти, бирок бул көрсөткүчтөрдү дагы жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.

Министр эки өлкөнүн инвестициялык багыттары кездеме токуу, айыл чарба, туризм, машина куруу жана медицина тармагында жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтып, Кыргызстандын тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады.

- Кыргызстан биринчилерден болуп Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулуп, 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болду. 2016-жылы Кыргызстан ВСП+ статусун алып, Европа биримдигинин өлкөлөрүнө бажы төлөмү жок товардын 6200 түрүн алып чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Новиков өз сөзүндө Кыргызстан Кытай менен чектеш болгондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнө коридор боло ала турганын кошумчалап өттү.

Бизнес-форум өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын утурлай өтүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG