Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

6-сентябрдын аба ырайы


6 сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27;

Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 9...14;

Эртең Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнү 15…17°, күндүз 31…33° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG