Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:49

Москва облусуна караштуу Ивантеевка шаарындагы орто мектептердин биринде өспүрүм ок чыгарып, төрт киши жарадар болду. Алардын арасында мугалим да бар. Бул тууралуу орусиялык ТАСС агенттиги облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме жасап кабарлады.

Ок чыгарган өспүрүм кармалып, мектеп жабылганы маалым болду. РБК агенттигине күбөлөрдүн бири билдиргендей, 9-класстын окуучусу пневматикалык курал колдонгон. Азырынча бул маалымат ырастала элек. Ал информатика сабагынан берген мугалимди башка аткан. Класстагы окуучулар корккондорунан терезеден секиришип, колу-буттарын сындырышкан.

Орусия мектептеринде окуу 1-сентябрда башталган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG