Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча парламенттик угуу өтөт


Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 12-сентябрда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик уугу өткөрөт.

Жыйында мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо, эл аралык тажрыйба, мыйзамдагы алешемдиктер боюнча тийиштүү адистер баяндама жасамакчы.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы жыйын ачык болуп, ага депутаттардан тышкары каржы министри, Эсеп палатасынын төрагасы жана башка мекеме жетекчилери катышаарын кабарлоодо.

Парламенттик угууда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын өзгөртүү киргизилип жаткан варианты катышуучуларга тааныштырылып, талкууга коюлат. (SDz)

XS
SM
MD
LG