Франция соту Азербайжан бийлигинин эки француз журналисти - Элиз Люсе жана Лоран Ришарга каршы жазган арызын карап баштады. Расмий Баку журналисттердин түз ободо Азербайжандагы башкарууну "диктатура" деп атаганы үчүн айыптоодо.
2015-жылдын күзүндө "France" телеканалында көрсөткөн берүүсүндө Люсе Азербайжанды "дүйнөдөгү эң катаал диктатура орногон мамлекет" деп атаган. Ал эми "Франс инфо" радиосуна маек куруп жатып Ришар да Азербайжандагы режимди "диктатура" деп баалаган.
"Чек арасыз кабарчылар" укук коргоо уюму Франция сотуна кайрылуу менен Баку Азербайжандагы сөз эркиндигинин чектелиши тууралуу айткандарды коркутууга аракет кылууда деп эсептейт.
Айыпталуучу тараптан күбө катары аталган уюмдун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Йоханн Бир, оппозициячыл "Азадлыг" гезитинин журналисттери жана укук коргоочулар Лейла жана Ариф Юнус сотко катышат.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун маалымдашынча, бул чет мамлекеттин бийлиги журналисттерге каршы доо арыз менен француз сотуна кайрылган биринчи окуя болуп калды.
Азербайжанда ушул тапта 16 журналист, блоггер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ар кандай себептер менен камакта отурушат.