Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Текебаев менен Чотоновдун сотуна дагы 19 күбө чакырылмай болду


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов буга чейин райондук судья Эрнис Айбек уулу баш тарткан күбөлөрдү шаардык сотко чакыруу өтүнүчүн келтирди. Ал иштин толук жагдайын билиш үчүн дагы 19 күбө сотко келиши керектигин айтты. Арасында Иса Өмүркулов, Амангелди Муралиев, Клара Сооронкулова өңдүү бир катар адамдар бар.

Канат Хасанов бул адамдардын көрсөтмөлөрү аркылуу чындыкка жетсе болоорун негиз келтирсе, Өмүрбек Текебаев күбөлөрдү чакыруу маанилүү экендигин кошумчалады.

Натыйжада сот өтүнүчтү канааттандырып, “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси, учурда камактагы Азамат Мурзалиевден башка 18 күбөнү сотко чакырууга макул болду. Ошол эле учурда судья буга чейин райондук сотто көрсөтмө берген айрым адамдарды кайра чакыруу сунушун четке какты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Өткөн айда райондук сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG