Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары каттоо арызын берген Исхак Масалиевдин кол чогултуусун жаратпай койду. БШКдан “Азаттыкка” билдиришкендей, Масалиев жалпысынан 36 673 кол тамга алып келип тапшырган. Бирок, текшерүү учурунда анын 6203ү гана жарактуу деп табылды.
Мыйзамга ылайык, президенттик жарышка катышуучулар БШКга 30 миңден кем эмес кол топтошу кажет. Ушундан улам, Боршайком Коммунисттер партиясынан талапкерликке көрсөтүлгөн Исхак Масалиевди каттоодон баш тартты.
4-сентябрдагы жыйынында Боршайком талапкерлер Камила Шаршекеева, Рита Карасартова, Кубан Чороев, Турсунбек Акун жана Талгатбек Кожогуловдун жактоочуларынан чогулткан жарактуу кол тамгалары жетишсиз деп тапкан.
Президенттикке талапкерлерди каттоо ушул жумада аяктайт. Ал эми шайлоо 15-октябрга белгиленген.