Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:30

Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык жигит өз жанын кыйганы кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Анталиянын Кумлужа жандармериясынан "Биз азыр так маалымат бере албайбыз, анткени өзүн өзү өлтүрүү боюнча иш сотко өттү. Каза болгон жарандын кыргызстандык экенин аныктадык" деп билдиришти.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу бул маалыматтын чын-төгүнү такталып жатканын билдирди.

Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда Түркиядан жыл сайын Кыргызстанга "200" жүгүнөн орточо 15и жөнөтүлөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG