Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Грузия Киевден Саакашвилини экстрадициялоону өтүндү


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузия прокуратурасы Михаил Саакашвилини экстрадициялоо боюнча Украина бийликтерине өтүнүч жолдоду. Бул тууралуу Украинанын Юстиция министрлиги кабарлады. Ушул жылдын июль айында Саакашвили украин жарандыгынан ажыратылган. Буга саясатчы Грузияда ага каршы кылмыш иши ачылганын украин бийлигинен жашырып жүргөнү түрткү болгону расмий айтылган.

2015-2016-жылдары Саакашвили Одесса облусун жетектеп турган. Губернатор кезинде ал Украинанын жогорку даражадагы аткаминерлерин, анын ичинде президент Петро Порошенкону да коррупцияга айыптап келген.

Учурада Саакашвили чет мамлекеттерде жүргөнү маалым. Ал Киевге 10-сентябрда кайтарын билдирген. Буга чейин расмий Киев Грузиянын Саакашвилинин экстрадициялоо жөнүндөгү өтүнүчүн кеминде эки ирет четке каккан. Ал грузин жарандыгынан 2015-жылы украин жарандыгын алгандан кийин ажыратылган.

Грузиянын учурдагы бийликтеринин ага каршы таккан айыптарын Саакашвили саясий жүйөсү бар деп санайт.

XS
SM
MD
LG