Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Атамбаев менен Мирзиёев кызматташтык документтерине кол койду


Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту.

Алардын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстандын расмийлери тармак аралык кызматташтык боюнча документтерди кол коюу менен тастыкташты. Эки тараптуу келишимдерге кол койгондордун арасында парламент төрагалары, тышкы иштер, билим берүү министрлери, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери жана башкалар бар.

Тараптар кабыл алган документтердин ичинде:

“Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө” өкмөт аралык документ,

Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум,

Кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы салык мыйзамдарын сактоодо бири-бирине көмөк көрсөтүү,

Консулдук конвенциянын ратификациялык грамоталары менен алмашуу протоколу,

Соода-өнөр жай палатасындагы кызматташтык жөнүндө келишим,

Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигини ортосундагы келишим,

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жана Өзбекстандын президентине караштуу стратегиялык жана аймак аралык иликтөө институту ортосунда түшүнүшүү меморандуму,

Жогорку билим берүү тармагындагы өкмөт аралык келишим,

Илимий техникалык кызматташтык тууралуу өкмөт аралык келишим,

Бишкек мэриясы жана Ташкент акимчилиги ортосундагы келишимдер бар.

Жеке жолугушуу учурунда президент Алмазбек Атамбаев бул күндү кыргыз жана өзбек элдери 25 жыл күткөнүн айтты. Ал бүгүн тарыхый окуя болуп жатканан белгилеп, Бишкекке келгени үчүн өзбек лидерине ыраазылык билдирди.

Өз кезегинде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да бүгүнкү күндү тарыхый деп атап, мындан ары ар кандай маселелерди акимдер өздөрү эле чече бере тургандай шарт түзүү керектигин айтты. “Биз чоң топтогу ишкерлерди ала келдик. Алар да мындан ары өздөрү карым-катнаш түзгүдөй болушу зарыл” деди өзбек президенти.

Коңшу республиканын башчысы акыркы жолу Кыргызстанга расмий сапар менен 17 жыл мурда келген: мурдагы президент, маркум Ислам Каримов расмий сапар менен Бишкекте 2000-жылы болгон.

Эгемендик доору башталган алгачкы кезде, 1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ошко келип кеткен.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлду. (SDz)

XS
SM
MD
LG