Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Молдова НАТОнун машыгуусуна аскерлерин жибербейт


Украинадагы аскерий парадга катышып жаткан НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлери.
Украинадагы аскерий парадга катышып жаткан НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлери.

Молдованын президенти Игорь Додон НАТОнун Украинанын батышында жакында өтө турган аскерий машыгууларына аскерлерин жибербейт. Бул чечими тууралуу Додон өзүнүн Facebook тагы баракчасына 5-сентябрда жазды. Ал Молдованын аскерлери улуттук чек аранын тышында өтө турган машыгууларга катыша албайт деп билдирди.

Додон Молдованын Коргоо министрлигинин 7-23-сентябрда өтө турган НАТОнун аскерий машыгуусуна аскерлерди жиберүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Додон өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына 5-сентябрда жазды. Ал өз чечимин "Молдованын аскерлери улуттук чек аранын тышында өтө турган машыгууларга катыша албастыгы" менен тшүндүрдү.

Rapid Trident деген аталыштагы аскерий машыгууларга Молдова 1996-жылдан бери катышып келген. Быйыл бул аскерий иш-чара Украина менен Польшанын чек арасынан алыс эмес аймакта өтөрү жана ага НАТОго мүчө 14 мамлекеттен 1800дөй аскер катышары күтүлүүдө.

Молдованын Орусияга ыктаган президенти Додон менен Европага жакындоону көздөгөн өкмөтүнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып келет. Жакында эле Молдова өкмөтү Улуттар Уюмунун ушул айда өтө турган Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында жикчил Днестр бою (Преднистровье) аймагынан орусиялык аскерлерди чыгаруу суроосун талкуулоого чакырган.

Азыр Днестр бою аймагында Орусиянын 1400 жоокери "тынчтыкты коргоочулар" деген макам менен жүрүшөт. "Днестр бою жумурияты" 1992-жылкы Кишинёв менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Аймактагы 600 миңге чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр.

XS
SM
MD
LG