Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Түндүк Корея өзөктүк сыноолорун "АКШга белек" деп атады


Расмий Пхеньяндын Улуттар уюмундагы өкүлү Хан Тэ Сон АКШга дагы "жаңы белектер" жиберилерин айтып коркутту. Ал 5-сентябрда Женевада сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Корея суутек бомбасын континенттер аралык баллистикалык ракетага орнотууга даяр экенин билдирди.

Элчи Түндүк Кореянын өзөктүк сыноолорун "коргонуу аракети" деп атап, АКШны басым кылуудан баш тартууга чакырды. Хан Тэ Сон ошондой эле Түндүк Корея өзөктүк программадан баш тартуу маселесин эч кандай шартта талкуулабасын кошумчалады.

Бир күн мурун АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли уюмдун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга карата санкцияларды күчөтүүгө чакырган эле.
11-сентябрь күнү Вашингтон Түндүк Корея боюнча жаңы резолюцияны Улуттар уюмунда добушка алып чыгат.

XS
SM
MD
LG