Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Саляновага мамлекеттик адвокат дайындалды


Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сотунда мамлекеттик адвокат дайындалды.

Бүгүн анын адвокаты Чынара Жакупбекова кичине баласы менен ооруканага жатып калганы маалым болду. Прокурор Нурлан Тагаев соттолуучу тарап процессти создуктуруу аракетин көрүп жатат деп мамлекеттик жактоочу дайындоо өтүнүчүн келтирди. Судья Кубанычбек Касымбеков бул өтүнүчтү канааттандырды.

Өткөн отурумда Салянова да кичине кызы ооруп калганына байланыштуу “эмгекке жарамсыздык” баракчасынын негизинде сотко катышпай калганда сот прокурордун талабы менен аны мажбурлап алып келген. Салянова муну сотту тез арада бүтүрүп, өкүм чыгарууга көрүлүп жаткан мыйзамсыз аракет деп атаган.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG