Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Ооган согушуна катышкан кеңешчилер ардагерлердин катарына кошулат


Ооганстандагы Совет аскерлери (архив)
Ооганстандагы Совет аскерлери (архив)

1978-1988-жылдар аралыгындагы Ооган согушуна коммунисттик партиянын буйругу менен барган кеңешчилердин статусу согуш ардагерлеринин деңгээлине теңелет. Бул боюнча мыйзамдын автору депутат Кожобек Рыспаев өлкөдө болгону мындай категорияга кирген эки гана адам калганын айтып, мыйзам кабыл алынса аларга жылына бюджеттен 144 миң сом бөлүнөт деп билдирди.

Ал эми өкмөт мыйзамга каршы чыгып, долбоор казынага жүздөгөн миллион сом жүк келтирээрин билдирди. Парламенттеги өкмөт өкүлү маалымдагандай, бул мыйзам аркылуу Ооган согушунда кызмат кылган медицина, мугалим жана башка адамдарга да жөлөкпул берүүгө туура келет.

Бирок депутат Рыспаев өкмөт адашууга барып жатканын, мыйзам эки адамга гана тиешелүү экенин айтып, башка кеңешчилер бул дүйнө менен кош айтышканын билдирди. Жыйынтыгында депутаттар мыйзамды колдоп, экинчи окууга добуш берүүгө жөнөттү.

Ооган согушуна коммунисттик партиянын буйругу аркылуу барган кеңешчилерге кыргыз өкмөтү 1996-жылдан баштап жөлөкпул берип баштаган, бирок 2009-жылы токтотуп койгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG