Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Шайлоо-2017: Келдибеков: Боршайкомду сотко берем


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясы аны президенттикке талапкер кылып расмий каттабай коюп, Конституцияны бузуп жатат деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирип, Боршайкомду сотко берерин айтты жана шайлоого катышуу үчүн Конституцияда жазылган талаптарга ал толук туура келерин кошумчалады.

- Конституцияда президент болуп 35-70 жаштагы, мамлекеттик тилди билген жана республикада 15 жылдан кем эмес жашаган, 30 миңден кем эмес кол топтогон адам шайлана алат деп жазылып турат.

Келдибеков тил комиссиясынан өтүп, 50 миңден ашуун кол топтоп тапшырган.

Бирок 4-сентябрда БШК "анын соттуулугу жоюла элек" деген негизде аны талапкер катары каттоодон баш тартып койгон.

Коррупция үчүн соттолгон Келдибеков айыбы үчүн былтыр ноябрда мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Ошондуктан анын соттуулугу ошол күндөн туура бир жыл өткөндөн кийин, тагыраагы, быйыл 8-ноябрда жоюлары белгилүү болгон.

Боршайком Келдибековдун айткандарын четке кагып, мыйзам бузуу болбогонун билдирүүдө. Анын маселесин карап жатканда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Биздин чечим Конституцияга жана мыйзамга негизделди” деп билдирген.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ушул күнгө чейин президенттикке 13 киши талапкер болуп БШКда расмий катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG