Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Сапар Исаков: Аксакалдар Мирзиёевге батасын берип жатат


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

2017-жылдын 5-6-сентябры кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхында алтын тамга менен жазылып кала турган күндөр деди бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаков.

Ал эки президенттин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын бүткүл эл үмүттөнүп күткөнүн, чек арада жашаган тургундар ортодогу мамлекеттик чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган чечимдерди кубаттап жатканын айтып, өзбек лидерине ыраазылык билдирди:

- Сиз тагдырды өзгөрткөн адам болдуңуз, сизге биздин аксакалдар батасын берип жатат. Кыргызга жакшы жаңылык алып келген адамдардын бири болдуңуз.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Сапар Исаковго өкмөт башчылык ишине ийгилик каалап, дээрлик 20 жыл токтоп калган ымаланы жакшыртууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын, чек арада жайгашкан аймактардын жергиликтүү жетекчилери маселелерди борбордон буйрук күтүп отурбастан, өз алдынча тыгыз кызматташып чечип алышыны шарт түзүү керектигин айтты.

Шавкат Мирзиёев эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бишкекке 5-сентябрда келген. Кечээ эки президенттин жолугушуусу өтүп, документтерге кол коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG