2015-жылы «коррупцияга байланыштуу» кесилген мурдагы өкмөт башчы Серик Ахметов калган төрт жыл 26 күн жазасын жашаган жеринде өтөйт. Бул тууралуу Караганда облустук сотунун маалыматына таянып жергиликтүү кабар агенттиги жазды. Абай райондук сотунун чечими боюнча Ахметов калган жаза мөөнөтүн жашаган жеринде өтөйт. Соттун чечими 21-сентябрда күчүнө кирет.
Караганда соту мурдагы премьер-министр Ахметовду 2015-жылдын декабрында бюджеттик каражатты уурдоо, кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу жана мыйзамсыз негизде ишкердикке аралашкан деген кине менен 10 жылга эркинен ажыраткан.
Були иш боюнча соттук териштирүүгө 21 киши тартылган. Айыпкерлердин көбү эркинен ажыратылып, айрымдары мөөнөтүнөн мурун абактан чыкса, кээ бирлерине “жазанын жумшак формасы” тандалып же өткөн жылкы мунапыска илинишкен.
Ахметовдун адвокаттарынын арызынан кийин 2016-жылы апелляциялык сот мурдагы өкмөт башчынын жаза мөөнөтүн сегиз жылга чейин кыскарткан.
Караганда облустук сотунун маалыматына ылайык Ахметов жаза өтөгөн абактын жетекчилигинин сунуштамасына жана материалдык чыгым «толугу менен» калыбына келтирилгендигине байланыштуу экс-премьер калган жаза мөөнөтүн жашаган жеринде өтөйт.
Серик Ахметов 2012-2014-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон.