Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

“Кыргызпочтасы” Каттоо кызматына өттү


“Таза Коом” долбоорун ишке ашыруу программасынын алкагында “Кыргызпочтасы” ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өтөт. Бул тууралуу чечимди премьер-министр Сапар Исаков кабыл алды.

“Кыргызпочтасынын” Каттоо кызматына өткөрүлүшү калкты тейлөө жаатында географияны кеңейтет. 453 айылдык аймактын ар биринде калкты тейлөө борбору уюшулуп, жарандардын убакытын үнөмдөйт”, - деди өкмөт башчы.

Өкмөттүн расмий сайтында "биригүүнүн аркасы менен жарандар ЗАГС, паспорт бөлүмдөрү, калкты тейлөө борборундагы кезектерден арылат" деп жазылды.

“Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын өлкө боюнча 400дөн ашык бөлүмү бар. Каттоо кызматынын карамагында аталган ишканадан башка “Инфоком” ишканасы да бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG