Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Путин: АКШ дипломаттарынын саны 155 кишиге азайышы керек


Сан-Францискодогу орус консулдугу
Сан-Францискодогу орус консулдугу

Президент Владимир Путин АКШда жайгашкан бир катар Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жабуу тууралуу Вашингтондун чечимин «мүлккө болгон укуктун бузулушу» деп баалады. Ошондой эле Москва Мамлекеттик департаменттин чечимин АКШнын тиешелүү сотуна арыздануусу мүмкүн экенин билдирди.

«Америкалыктардын биздин дипломатиялык мекемелерди кыскартканы – бул аларды эрки» - деди Путин Кытайда өткөн БРИКС саммитинин соңундагы маалымат жыйында. “Бирок анын кандайча ишке ашырылганы америкалык өнөктөштөрүбүздүн беделине көлөкө түшүрөт” – деп кошумчалады.

Кремль Ак үйдүн чечимине кандайча жооп берүүнү чече электигине токтолгон Путин Орусия Москвадагы америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлерин кыскартууга укугу бардыгын эскертти.

Путин АКШда иштөөгө аккредитация алган 455 орусиялык дипломаттын 115и Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүктө жана дүйнөлүк уюмдун миссияларында кызмат өтөөрүн, алардын Орусиянын элчилиги жана консулдуктарына тиешеси жоктугун белгиледи.

“Тактап айтканда АКШнын Орусиядагы дипломаттарынын саны 455 эмес, дагы 155 кишиге азайышы керектигин” айткан Путин азырынча так чечим кабыл алына электигине токтолду.

31-августта Мамлекеттик департамент Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугун, Вашингтон менен Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууга чечим чыгарган. Бирок Ак үй бул өкүлчүлүктөрдө иштеген орус дипломаттары өлкөдөн чыгарылбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG