Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

АКШ Орусиянын үч өкүлчүлүгүн жабат


Сан-Францискодогу орус консулдугу
Сан-Францискодогу орус консулдугу

Ак үй Кремлдин америкалык дипломаттардын санын кыскартуу талабына жооп иретинде Орусиянын Сан-Франциско, Вашингтон жана Нью-Йорктогу дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жабууну буюрду.

Мурдагы президент Барак Обаманын 35 орус дипломатын АКШдан чыгаруу чечиминен туура сегиз ай өтсө да расмий Вашингтон менен Москванын дипломатиялык араздашуусу токтой элек.

31-августта АКШ Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугун, Вашингтон менен Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну буюрду. Бирок Вашингтон бул өкүлчүлүктөрдө иштеген орус дипломаттары өлкөдөн чыгарылбай турганын билдирди.

Ак үй бул чечимди Кремлдин Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын кыскартуу талабына жооп катары мүнөздөдү.

"Биз Орусиянын жакында кабыл алган ыксыз чечимине жооп катары бекем жана туура өлчөнгөн кадамга бардык. Биз улам начарлап жаткан жагдайды токтотуп жана жакшыраак мамилеге карай кадам таштагыбыз келет. Андай мүмкүнчүлүктөрдү караштыра беребиз. Бирок биз чечимдерде теңдикти да каалайбыз", - деген Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс соңку чечимди президент Дональд Трамп кабыл алганын кошумчалады.

Теңдик демекчи, Орусиянын АКШдагы бул үч өкүлчүлүгү жабылса, эки өлкөнүн бири-биринин аймагындагы дипломатиялык миссияларынын саны теңделет. Себеби, АКШнын Москвада элчилиги, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Владивостокто үч өкүлчүлүгү бар. Орусиянын үч дипломатиялык өкүлчүлүгү жабылгандан кийин орус тараптын Вашингтондогу элчилиги жана Нью-Йорк, Хьюстон, Сиэтлдеги консулдуктары калат.

Өткөн айда Кремл АКШнын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген кызматкерлердин санын 755ке кыскартууну талап кылган. Москва бул чечимин АКШ Конгрессинин Орусияга киргизген кошумча санкцияларына жооп деп мүнөздөгөн. Ошондой эле кыскартуулардан кийин АКШ менен Орусиянын дипломатиялык кызматкерлеринин саны теңделерин билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын өкүлчүлүктөрдү жабуу талабы менен таанышып чыккандан кийин жооп кайтаруу маселеси чечилерин айтты:

- Санкция алмашуу маселесин биз баштаган жокпуз. Обаманын администрациясы баштаган. Орус-америка алакасын начарлатуу жана Трампка шайлоо өнөктүгүндө айткан убадаларын ишке ашырууну кыйындатуу үчүн башталган. Президент Трамп азыр ал билдирүүлөрүн кайталап жатат. Президент Путин да буга кызыкдар экенибизди бир нече жолу айткан. Бирок бири-бирибизди сыйлаган кадамдар болушу керек.

АКШда Орусия менен алаканы жакшыртам деген Дональд Трамптын президент болуп шайланышы Москваны кубантпай койгон эмес. Бирок Трамптын администрациясы Москва күткөн кадамдарды жасаган жок. Маселен Орусия президент Барак Обама жаптырган Нью-Йорк жана Мэриленддеги дипломатиялык имараттарды кайра ачууну өтүнгөн.

Бирок бул талап аткарылбагандан кийин Кремл АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган.

Вашингтон менен Москванын ортосундагы мындай дипломатиялык араздашуу АКШ Конгресси Орусия, Түндүк Корея жана Иранга жаңы санкцияларды сала турган мыйзамды жактыргандан кийин күчөдү. Демилгечи конгрессмендер жаңы санкцияларга Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоодогу ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришкен.

Кремл Американын шайлоосуна кийлигишпегенин айткан. Кантсе да АКШда бул боюнча беш иликтөө жүрүп жатат. Алардын төртөөнү саясатчылар, бирөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер жетектейт.

Вашингтондун орус өкүлчүлүктөрүн жабуу чечими Орусиянын жаңы элчиси Анатолий Антонов Америкага келген күнү кабыл алынды. Ал аэропортто журналисттердин суроолоруна жооп берип, жагдайды тынч отуруп чечебиз деп билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG