Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында жолукту. Бул жолугушууга парламенттеги фракция лидерлери да катышты.
Төрага өз сөзүндө бүтүндөй кыргыз калкы эки өлкөнүн карым-катышы оң жакка буруларын күтүп жатканына токтолду:
- Мамилелердин жакшырып жатканын бир гана түштүк аймак эмес, түндүк дагы сезип жатат. Айрыкча Ысык-Көл облусуна түз аба каттамдын ачылышы эки элди жакындатты. Биз Жогорку Кеңеште Өзбекстандын парламенти менен шериктештик алаканы бекемдөө үчүн аракеттерди көрүп жатабыз.
Ал эми Шавкат Мирзиёев кыргыз эли Өзбекстан үчүн бир тууган экенин, Кыргызстандагы сапары жемиштүү өтүп жатканын айтты.
- Эки өлкөнүн саясий эрки аркылуу бир катар суроолорду чече алдык, маанилүү документтерге кол койдук. Эми аларды ишке ашырыш керек. Эки өлкөнүн парламенттери биздин багытты колдойт деп турам.
Өзбек башчысы келе жаткан президенттик шайлоо тууралуу сөз козгоп, Кыргызстан өзүнүн татыктуу башчысын шайлап аларына ишенип турганын айтат.
Жолугушуунун аягында Шавкат Мирзиёев Жогорку Кеңеш төрагасын Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.