Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:12

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Райкан Төлөгөновдун ишин кароону улантууда. Бүгүн сот жараянына көрсөтмө берүү үчүн 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Болот Шер келди.

Ал Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде талап-тоноочулукка катышпаганын, ошол түнү кырдаалды жөнгө сала албай жаткан учур болгонун айтты. Болот Шер учурдагы соттук процессти саясий оюн деп атап, сот жана прокурорлор саясий оюндун куралы болуп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов 2010-жылкы мародерчулук боюнча айыпталып быйыл март айынын этегинде камакка алынган. Ага Кылмыш кодексинин 167-беренесинин "алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо" жана 241-беренесинин "адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" негизинде иш козголгон.

Учурда Төлөгөнов УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG