Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Янукович 2010-жылкы конституциялык төңкөрүшкө айыпталды


Виктор Янукович Москвада маалымат жыйын курууда, 21.02.2017
Виктор Янукович Москвада маалымат жыйын курууда, 21.02.2017

Украинанын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Виктор Януковичти 2010-жылкы конституциялык төңкөрүшкө жана бийликти мыйзамсыз басып алууга күнөөлүү деп айыптады.

Бул тууралуу өлкөнүн баш прокурору Юрий Луценко Фейсбук баракчасына жазды. Бул иштин алкагында мурдагы юстиция министри Александр Лавриновичке дагы айып тагылды.

2010-жылы Украинанын Конституциясына 2004-жылы киргизилген толуктоолор алынып салынган. Президенттин укук милдеттерин чектеп, парламент менен өкмөттүн укуктарын кеңейткен толуктоолорду Конституциялык сот Жогорку Радага добуш берүүгө койбой туруп эле жокко чыгарган.

Украинада экс-президентке каршы бир нече кылмыш иши ачылган. Учурда Орусияда жашаган Янукович 2013-2014-жылдардагы массалык нааразылык демонстрацияларда жарандарды өлтүрүүгө айыпталган.

Украин прокуратурасы Януковичти өмүр бою эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG