Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Конгресс Трампка каршы компромат боюнча документти сурады


Адам Шифф
Адам Шифф

Конгресстин демократ мүчөсү Адам Шифф муну досьенин авторуна ишеним көрсөтпөө аракети деп баалады. Чалгын комитети Юстиция министрлиги менен ФБРге Дональд Трампка байланыштуу компроматтарды жыйнаган досьенин документтерин берүүнү сурап кайрылган.

Конгрессмен Шифф MSNBC телеканалына берген маегинде комитеттеги өзү баштаган демократтар ага каршы болгонун билдирет. Анын пикиринде республикачылар досьенин автору, британ чалгын кызматынын мурдагы офицери Кристофер Стилге ишенимди жоготуу үчүн жасап жатышат.

Республикачылар болсо досьенин эмнеден келип чыкканын, анын шайлоо өнөктүгү маалында Трамптын беделин түшүрүү үчүн жасалган иш эмес экенин билүү маанилүү дешет.

Досьени түзүүнү каржылаган уюм Трамп жана анын жакындарынын бардык ишмердигинин түрдүү жактары боюнча маалыматтарды жыйнаган.

Москва менен Трамптын шайлоо штабынын ыктымал байланышы боюнча АКШда беш иликтөө жүрүп жатат. Алардын төртөөнү саясатчылар, бирөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер жетектейт.

XS
SM
MD
LG