Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Орусияда "Шалтай-Болтай" тобунун мүчөлөрү соттолду


"Шалтай-Болтай" (иллюстративдик сүрөт)
"Шалтай-Болтай" (иллюстративдик сүрөт)

Москва шаардык соту “Шалтай-Болтай” деп аталган хакердик топтун эки мүчөсү Александр Филинов менен Константин Тепляковду үч жыл жалпы тартиптеги абакка кести. Бул тууралуу сот залынан “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы билдирди.

Филинов менен Тепляков ушул жылдын январь айында камакка алынган. Алар компьютердеги маалыматты мыйзамсыз алган деп айыпталышкан. Филинов коюлган айыпты четке какса, Тепляков жасаган ишин мойнуна алган.

6-июлда топтун лидери Владимир Аникеев эки жылга эркинен ажыратылган. Анын ишин сот жабык караган.

"Шалтай-Болтай" же "Анонимный интернационал" деп аталган топтун хакерлери жогорку кызматтагы адамдардын, чоң ишканалардын жана медиа каражаттардын аккаунттарын бузуп кирип, маалыматтарды алышкан. Алардын колунан жабыркагандардын арасында орус өкмөт башчысынын маалымат катчысы Наталья Тимакова жана президенттин администрациянын башкармалыгынын жетекчи орун басары Тимур Прокопенко бар.

XS
SM
MD
LG