Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

Өмүрбекова: Парламент Кара-Суудагы мыйзам бузууларга баа бериши керек


Алтынай Өмүрбекова
Алтынай Өмүрбекова

Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова 3-сентябрда Кара-Суу районунда өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосу ири мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыкты.

Бул окуя менен 2010-жылдан бери жасалып келаткан шайлоо реформасы артка кайтканын айткан вице-спикер добуш берүү учурунда электрондук урнага бюллетендерди жапырт таштоо буга себеп болгонун белгиледи:

- Азыр Кара-Сууда болгон окуяга биздин парламент баа бериши керек. Биз тийиштүү органдарды чакырып, шайлоонун жыйынтыктарын талкуулап, мыйзам бузган адамдарды жоопко тартышыбыз зарыл. Шайлоодо добуштарды сатып алуу болуптур, көптөгөн адамдардын аты чыгып жатат. Биз эмне үчүн буга көз жумуп жатабыз? Туура эмес талапкерге добуш бергендерди уруп-сабоого чейин барыптыр деген маалыматтар айтылып жатат. Эң өкүнүчтүүсү, эл арыз жазгандан да коркуп калыптыр.

Айтылгандарды кубаттаган депутат Жанар Акаев учурда министрлер жумуш ордун таштап, туулган айылдарында шайлоо штабдарда жүрүшкөнүн айтып, парламент көзөмөлдү күчөтүшү керектигин билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, Кара-Суудагы жарышта 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыкты. Андан кийин 752 добуш менен "Мекеним Кыргызстан", 573 добуш менен "Кыргызстан" саясий партиясы турат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 344, "Республика" 306, "Бир бол" 13 добушка ээ болгон.

3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болгонун кабарлашкан. Алардын айтымында, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет жасаган.

Бул окуяга байланыштуу БШК чырды иликтөө боюнча Ички иштер министрлигине кат жолдогон. Ал эми БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана БШКнын райондогу өкүлүнө мыйзам бузууларды иликтеп, чара көрүүнү талап кылган кат менен кайрылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG