Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Аксыда тургундар менен молдолордун чатагын милиция териштирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Аксы районунун Итагар айылындагы жергиликтүү тургундар менен молдолордун ортосунда чыккан чырды райондук милиция териштирип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын айтымында, окуя 4-сентябрда болгон. Айыл тургундары Баба-Ата мазарын оңдоого барганда ал жердин убактылуу дайындалган шайыгы жана башка тургундар менен пикир келишпестик чыккан.

6-сентябрда эки тарап жолугушуп, милиция аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мазар шайыгы менен бирге дагы эки адам милицияга алынып келинип, түшүнүк кат жазып, кайра кое берилди.

Итагар айылынын тургуну Маралбек Жоробаевдин пикиринде, чырдын чыгышына сыйынуу үчүн келген аялдарга тыюу салынганы себеп болду, анткени буга чейин ал жерге бала тилеп барган аялдар сыйынып кетишчү. Ошондой эле ал айылдын молдосу жана белгисиз адамдар биригип алып "шайыкка сөз тийгизбегиле" деп элди коркутуп, бир баланы ур-томокко алганын да кошумчалады.

Итагар айылындагы Баба-Ата мазары 19-кылымга таандык. Ал сыйынуучу жер катары белгилүү.

Муфтият бул окуя боюнча комментарий даярдалып жатканын маалымдоодо. (RsK)

XS
SM
MD
LG