Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

АКШ Түркиянын мурдагы расмийлерине айып койду


АКШ камагындагы түркиялык -ирандык ишкер Реза Заррабдын маселесин президент Эрдоган быйыл май айында Ак үйгө жасаган сапары учурунда көтөргөнү кабарланган. Сүрөттө президенттер Эрдоган жана Трамп жолуккан учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.
АКШ камагындагы түркиялык -ирандык ишкер Реза Заррабдын маселесин президент Эрдоган быйыл май айында Ак үйгө жасаган сапары учурунда көтөргөнү кабарланган. Сүрөттө президенттер Эрдоган жана Трамп жолуккан учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын прокурорлору Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын мурдагы башкы кеңешчилеринин бир нечесин Иранга АКШнын санкциясын буйтап өтүүгө жашыруун жардам берген деп күнөлөөдө.

6-сентябрда сотко жөнөтүлгөн документтерге караганда, Түркиянын мурдагы экономика министри Мехмед Зафир Чаглаян Иран санкциялык мыйзамды бузуп АКШнын каржы системалары аркылуу акча которууларды ишке ашырганына жардам бергени үчүн миллиондогон доллар параны нак акча жана зергер буюм түрүндө алган деп айыпталып жатат.

Түрк өкмөтүнүн мурдагы жогорку даражалуу өкүлдөрүнө чейин Иран өкмөтүн жана башка мекемелерин валюта алтын менен камсыздап, аларга санкциядан качуусуна жардам берген деген айып менен былтыр АКШда түркиялык-ирандык ири ишкер Реза Зарраб камакка алынган болчу.

Прокурорлордун айыптоо кортунда Түркиянын мамлекет ээлигиндеги банкынын башчысы Сулейман Асландын, анын орун басарлары Левант Балкан, Мехмед Хакан Атилланын ысымдары да аталган. Алар Ирандын атынан жүргүзүлгөн акча которууларды жашырууга жана тездетүүгө пара алуу менен жардам берген деп күнөөлөнүүдө.

Учурда АКШнын камагында олтурган Реза Зарраб менен Мехмед Хакан Атилланын соту Нью-Йоркто 30-октябрда башталган турат. Прокурорлордун айтымында, айыптоо кортундусунда ысымы аталган башка түрк расмийлери азырынча кармала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG