Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Liglass компаниясын Кыргызстанга алып келгендер боюнча тез арада териштирүү баштоону сунуштап, аларды "алдамчылар" деп атады.
Бүгүн Сариев билдирүү таратып, аталган компаниянын долбоору ишке ашпай калса "Кыргызстан эч зыян тартпайт" деген сөз калп экенин айтты жана тендердин өзү одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, Тышкы иштер министрлиги ал компания тууралуу терс маалымат бергенине карабастан чечим чыгарылганын, эми Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор табуу дээрлик мүмкүн болбой калышын белгиледи.
Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык Liglass компаниясы менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан болчу.
Быйыл июлда Liglass компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.
Liglass Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасынын 4-августтагы чечиминен кийинки бир ай аралыгында Орусияга 37 миллион доллар төлөшү керек, ал эми үч ай ичинде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгышы зарыл экенин "Азаттык" радиосуна буга чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаев билдирген.
Сапар Исаков жакында "Новые лица" басылмасына интервью берип, бир айлык мөөнөт 15-сентябрда аяктарын айткан.
2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.
Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. (RK)