Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Сирия армиясы Израил аскерий жайга сокку урганын билдирди


Сириянын Хан-Шейкун шаарчасында химиялык курал колдонулгандан кийинки учур. 4-апрель, 2017-жыл.
Сириянын Хан-Шейкун шаарчасында химиялык курал колдонулгандан кийинки учур. 4-апрель, 2017-жыл.

Сирия армиясынын 7-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, Ливан тараптан, аба мейкиндиктен атылган бир нече ракета Масиаф шаарындагы аскерий жайга тийгенде эки адамдын өмүрү кыйылды, материалдык зыян дагы болду.

Мурда да Сириянын аймагына аба соккуларын жасаган Израил азырынча соңку фактыны комментарийлей элек.

Масиаф деңиз жээгинде, Орусиянын базасы жайгашкан Тартус шаарынан 60 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматы боюнча абадан сокку урулган жай Сириянын илим-изилдөө борборуна караштуу объект.

Буга чейин АКШнын Сириянын илим-изилдөө борборун быйыл апрелде козголоңчулар колундагы шаарчада колдонулган химиялык зарин газын өндүрүп, чыгарганы үчүн айыптаган эле.

БУУнун иликтөөчүлөрү 6-сентябрда Хан-Шейкун шаарчасында кеминде 83 кишинин өмүрүн алган химиялык чабуул үчүн Сирия өкмөтү жоопкер деген бүтүмүн чыгарды.

Расмий Дамаск болсо химиялык куралы бардыгын жана аны колдонгонун такай төгүндөп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG