Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:04

УКМК: Кыргызстанда ИМ террордук тобунун мүчөсү кармалды


Кылмышка шектүүдөн табылган "пластид"

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда теракт жасоону пландаган адам кармалганын кабарлоодо. "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү деген адам 29 жаштагы кыргыз жараны экени аныкталды.

Кылмышка шектүү жарандын үйүн тинтигенде үч килограмм тротил эквивалентиндеги "пластид" жардыргыч заты жана башка экстремисттик мүнөздөгү материал табылганы айтылууда.

Кылмыш кодексинин "Алдын ала сүйлөшүп жана даярданып теракт жасоо", "курал- жарак, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүрүү" беренелеринин негизинде иш козголду.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камалды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG