Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

ЕБдин коргоо министрлери кибер машыгуу өткөрүүдө


НАТОнун Румыниядагы аскерий машыгуусу. 14-июнь, 2017-жыл.
НАТОнун Румыниядагы аскерий машыгуусу. 14-июнь, 2017-жыл.

Евробиримдиктеги аскерий түзүмдөрдүн хакерлердин ыктымал чабуулуна даярдыгын сынаган кибермашыгуу коргоо министрлеринин Эстония борбору Таллиндеги бүгүнкү бейформал жыйыны алкагында өткөрүлөт.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы - Эстония киберкоопсуздукту башкы маселелердин бири кылып алган эле.

Быйылкы глобалдык деңгээлдеги киберчабуулдар трансулуттук компаниялардын, порттордун, мамлекеттик мекемелердин иштерин үзгүлтүккө учуратты.

Ал эми Эстониянын өзүндө 2007-жылы өкмөттүк жана жеке менчик интернет сайттар масштабдуу киберчабуулга кабылган болчу.

Бул окуя эстон бийликтеринин совет доорунан калган согуштук эстеликтерди Таллиндин борбордук аянтынан жылдыруу чечиминен кийин болуп, этникалык орустардын көчө нааразылыктары, Орусия менен Эстониянын дипломатиялык араздашуусу менен да коштолгон.

Крымдын анексиялануусу жана Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттери өзгөчө НАТОнун мурда советтик блокто турган өлкөлөрүндө тынчыздануу жараткан.

Мындан улам НАТО чыгыш флангын бекемдөө боюнча айрым чараларга да барды.

Евробиримдиктин коргонуу чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүү пландары коргоо жана тышкы иштер министрлеринин Таллиндеги жыйынында да талкууланмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG