Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 10:42

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбө катары кайра чакыртылмай болду. Бишкек шаардык соту бүгүн адвокаттардын бул тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Бишкектин Биринчи Май райондук Соту Текебаев менен Чотоновду орус жаранынан "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деп өткөн айда ар бирин сегиз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Ал сот жараянында Бекназаров күбө катары көрсөтмө берип, Текебаевдин "Мегакомго" эч тиешеси жок деп айткан.

Бирок кийин интернетте Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тараган. Анда Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн.

Андан көп өтпөй comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова интернетке видео тасма чыгарган. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган деген Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра: "Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим" деп кайталаган.

Бекназаров да, Ташиев да бул тасмалар монтаж экенин экенин айтышкан.

УКМК ал монтаж эмес экенин Алматыда жасалган атайын экспертиза далилдегенин айтып, бир нече күн мурда Бекназаровго кылмыш иш козгогон.

Текебаев менен Чотонов аларга козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Азимбек Бекназаров 2-сентябрда президенттикке талапкер болуп расмий катталган. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG