Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Мексикадагы жер титирөөдөн беш киши курман болду


Мексикадагы зилзаланын күчү 8,4 баллга жетти.
Мексикадагы зилзаланын күчү 8,4 баллга жетти.

Мексиканын Тынч океан жээгинде жайгашкан аймагында 7-сентябрда болгон жер титирөө беш кишинин өмүрүн алды. Күчү 8,4 баллга жеткен зилзала бир катар турак-жайлар кыйратты. Бул тууралуу Мексиканын Ички иштер министрлиги билдирди.

АКШнын Геология кызматынын маалыматына караганда, зилзаланын очогу Пихихьяпан шаарынан түштүк-чыгышты карай 100 чакырым алыстыкта, Тынч океанында жайгашкан.

Сейсмологдор жер силкинүүдөн улам океанда суу толкундары көтөрүлүп, Латын Америка мамлекеттеринин жээкте жайгашкан аймактарын капташы мүмкүндүгүн эскертишти.

Ушул тапта аталган өлкөгө Мексика булуңунда пайда болгон Катя бороону да коркунуч жаратууда. Синоптиктер бороон Мексиканын жээгине жума кечинде жетип калаарын боолголоп жатышат.

XS
SM
MD
LG