Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Ирма бороонунан курман болгондордун саны 20дан ашты


Кубаттуулугу эң жогорку - бешинчи даражага жеткен бороон АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды.
Кубаттуулугу эң жогорку - бешинчи даражага жеткен бороон АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды.

Ирма бороонунан Кариб аралдарында набыт кеткендердин саны жыйырмага жетти. Бул тууралуу Кариб чөлкөмүн көзөмөлдөгөн Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги маалымдады. Кубаттуулугу эң жогорку-бешинчи даражага жеткен бороон АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды.

Ылдамдыгы саатына 250 чакырымга жеткен шамал менен коштолгон бороонду АКШнын Улуттук бороондор борбору "эң кооптуу, кыйратуучу потенциалы бар" категориясына киргизди.

Флорида штатынын губернатору аймактагы жыйырма миллиондой тургун коопсуз жайларга чыгып кетүүгө даяр туруусун эскертти. Ирма Флориданын жээгине 9-сентябрда жетери күтүлүүдө.

Өткөн аптада эле АКШнын Техас штатынын бөлүктөрүнө Харви бороону сокку уруп, АКШ Конгресси 6-сентябрда анын кесепеттерин жоюуга 7,9 миллиард доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG