Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:15

Украинанын борбору Киев шаарындагы ок атышуудан эки кыргызстандык жабыркаганын Орусия маалымат каражаттары жазып чыкты. РИА новости агенттигинин украин полициясына шилтеме кылып жазганына караганда, окуя Киевдин Шевченков районунда 8-сентябрдын кечинде болгон. Маалыматта Opel жана Jaguar үлгүсүндө автоунаалар кубалышып, ок атышканы айтылат. Обочодо токтоп турган Porsche унаасына ок тийген. Киев полициясынын башчысы Андрей Крищенко “112 Украина” телеканалына берген интервьюсунда "Порше" унаасындагы жарандар кыргызстандык экенин, алар оор жараат алганын алдын ала маалыматтарга таянып билдирген. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, экинчиси кадимки палатада экени кабарланган.

Окуя боюнча Украин полициясы “бир жана бир нече кишини өлтүрүүгө аракет кылган” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгогону белгиленет.

Украинада алты миңге жакын кыргызстандык бар. Алар негизинен соода-сатык жаатында кызматташат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG