Сирия аскерлери өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарындагы мунай кенин “Ислам мамлекети” террористтик тобунан бошотуп, өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу 9-сентябрда САНА агенттиги жазды.
Дейр-эз-Зор шаарын “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылы басып алган. Бул провинциянын жана мунай, газ кендеринин бошотулушу Сирия экономикасына жана Ирак менен болгон соодага таасирин тийгизээри белгиленген. (КЕ)