Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:44

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине барбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттан кабарлашты. Маалыматка караганда, кыргыз делегациясын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жетектеп барат.

Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити Астанада 10-11-сентябрь күндөрү өтөт. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана Ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулуп жатат. Саммитте Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына байланышкан соңку кырдаал да талкууланары айтылган.

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулук дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда кала берүүдө. Мусулман өлкөлөрү жаңжал боюнча БУУнун аракет көрүүсүн талап кылышарын айтышса, Мьянма бийлиги жаңжалды рохинжа мусулмандары башташканын билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, 25-августта рохинжа козголоңчуларынын тобу Ракхайн аймагындагы полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин тутанган кагылышуулардан кеминде 400 киши набыт болду. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG