Мексиканын Тынч океан жээгинде жайгашкан аймагында 7-сентябрда болгон жер титирөөдөн курман болгондордун саны 60тан ашты. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Күчү 8,2 баллга жеткен зилзаладан Мексиканын түштүк тарабы жана коңшу Гватемаланын батыш бөлүгү жабыркаган. Өлкө президенти Энрико Пенья Ньето бул жер титирөө соңку 100 жылда катталган эң катуу зилзала болуп калганын белгиледи.
Мексика булуңунда 8-сентябрда пайда болгон Катя бороонунан улам сел жүрдү. Атлантика океанында негизинен үч бороон пайда болду. Анын эң күчтүүсү деп саналган Ирма бороону АКШнын Флорида штатына жакындоодо. (КЕ)