Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Чоң-Алайда “Кайди” компаниясынын жумушчулары тамактан ууланды


Чоң-Алайдагы алтын кени.
Чоң-Алайдагы алтын кени.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан “Кайди” алтын казуучу компаниясынын он жумушчусу ууланып, райондук ооруканага жаткырылган. Учурда алар дарыланып, кайра жумушка чыгышты. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна райондук оорукананын дарыгери Таалайбек Кожоев ырастады. “Кайди” ишканасынын атын атабоону өтүнгөн кызматкеринин айтымында, алар тамактан ууланышкан. Заводдо 160тай жергиликтүү тургун эмгектенет.

Маалыматка караганда, мындан мурдарак облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору аталган завдду текшерип, талапка жооп бербейт деген негизде 10 миң сом айыппул салган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы сегиз айда өлкөдө азык-түлүктөн ууланган 69 учур катталган. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG