Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:04

Талапкерлер шайлоо алдындагы программалары менен тааныштыра баштады


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Бүгүн, 10-сентябрда президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү расмий башталды. Талапкерлер жер-жерлерде өз программаларын таныштырып, жолугушууларды, жарнамалоо иштерин жүргүзүп жатат. Бүгүн “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өзүнүн “Алга жол” аттуу программасын сунуштады. Ушул эле күнү “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев элге, шайлоочуларга кайрылып, шайлоо чоң атаандаштыкта жана курч өтөрүн билдирген. Ал эми КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков Жумгал районунда эл менен жолугушуу өткөрүүдө.

Дагы бир талапкер, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда филармонияда “Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023” аттуу программасы менен тааныштыра турганын штабдан кабарлашты. Арстанбек Абдылдаев “Адамзаттын өнүгүү жолу” деген аталыштагы программасын шайлоочуларга келерки аптада тааныштырат. Токтайым Үмөталиеванын программасы “Жаңылануунун төрт кадамы” деп аталат. Ал жакынкы эки-үч күндө расмий жарыялай турганын “Азаттыкка” билдирди.

Калган талапкерлер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG