Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:54

Мексиканын Тынч океан жээгинде жайгашкан аймагында болгон жер титирөөдөн курман болгондордун саны 65ке жетти. Куткаруучулар урандынын астында калган адамдарды издөөнү улантууда.

7-сентябрда күчү 8,2 баллга жеткен зилзаладан Мексиканын түштүк тарабы жана коңшу Гватемаланын батыш бөлүгү жабыркаган. Анда бери дегенде 200дөн ашуун киши жараат алды. Өлкө президенти Энрико Пенья Ньето бул жер титирөө соңку 100 жылда катталган эң катуу зилзала болуп калганын белгиледи. Куткаруучулар жер титирөөдөн көбүрөөк жабыркаган Таско, Оахака жана Чьяпас штаттарында ишти күчөттү. Оахака шаарына гуманитардык жардам жөнөтүлүп, полиция иттер менен издөө иштерин жүргүзүүдө.

Мексикада үч күндүк аза күтүү жарыяланган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG