Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:51

Бүгүн, 10-сентябрь Орусияда бирдиктүү добуш берүү күнү. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн 16 субъектисинин башчылары аныкталат. Мындан сырткары Москвада 125 райондо жергиликтүү кеңештин депуттары шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы Москва районундагы Ново-Переделкино башкармалыгынын башчысынын аракетин “актоого болбой турган” деп баалады.

Ишемби күнү Ново-Переделкино башкармалыгынын башчысынын орун басары Светлана Антонова муниципалдык шайлоолордо өзүнүн тарапташтарын “жеңишке” жеткире турган пландарды талкуулаган видео Интернетке тараган. Анда Антонова шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө “сыйлык” катары конверт тапшырып, өзү телефон чалганга чейин добуштарды санабоону өтүнгөн.

9-сентябрда Москва мэри Сергей Собянин башкармалыктардын башчыларын кызматтан алуу күнү деп жарыялап, москвалыктарга таза шайлоо өткөрүүнү убада кылган. Добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча документтер прокуратурага өткөрүлүп берилет. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG